7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров: «СИЗО курорт эмес»

117
 IV Элдик курултайда Садыр Жапаров тергөө абактарында шарттар начар деген катты окуп, «СИЗО курорт эмес» деди.
Президент өзү да убагында эки жолу камалып чыкканын, андагы шарттар боюнча эч кимге арызданбаганын белгиледи.
«Печкаларга уруксат жок. Ал жерде жарыкка акча төлөнбөйт. Күнү-түнү сайып коюшат, жарык кетип жатат. Мамлекеттин эсебинен биз төлөйбүз. Мына силердин чөнтөгүңөрдөн чыга турган акча. Ал жерге өзүнүн ичиндеги жылуулугу жетет», – деди президент.
Ал эми түзөтүү колонияларында отургандарга мурда жакындары азык-түлүк киргизе алса, азыр өздөрү акча таап, тескерисинче, үй-бүлөсүнө акча которуп жатышканын белгиледи. Өлкө башчы абактагылар кийим-кечек менен камсыздалганын да кошумчалады.
118