Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-декабрда, Бишкек шаарынын таштанды полигонундагы катуу тиричилик калдыктарын утилдештирүү аркылуу электр кубатын өндүрүүчү эко-технологиялык заводдун расмий ачылыш аземине катышты.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө шаардын таштанды полигону 1974-жылы ишке берилип, ошол бойдон тынымсыз иштеп келгенин эске салды. Ушул убакыт бою бул жайга 20 миллион тоннадай таштанды топтолгон.
Президент белгилегендей, көп жылдар бою өлкөнүн борбору катуу тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча курч көйгөйгө туш болуп келген: күн сайын 1,5 миң тоннага чейин таштанды чыгарылып, бул Бишкектин экологиясына терс таасирин тийгизип келген. Бул көйгөй, бир топ жылдан бери көтөрүлүп, бирок системалуу чечилбей келген.
Маселени чечүү үчүн алдыңкы эл аралык тажрыйба, анын ичинде Кытай Эл Республикасынын тажрыйбасы изилденди. Бишкек мэриясынын делегациясынын Чанша шаарына болгон иш сапарынын жана таштандыларды комплекстүү кайра иштетүү жана экологиялык долбоорлор боюнча адистешкен «Хунань Цзюнсин» жогорку технологиялык компаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышуунун жыйынтыгында кызматташуу боюнча стратегиялык чечим кабыл алынды.
2024-жылы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети “Цзюньсинь Хуаньбао Кей Жи Инвест” ЖЧК менен таштандыларды кайра иштетүү жаатында заманбап жана экологиялык жактан коопсуз чечимдерди киргизүүгө багытталган инвестициялык макулдашууга кол койгон.
“Бүгүн биз ачып жаткан эко-технологиялык завод Борбор Азияда аналогу жок, таштандыны утилдештирүү аркылуу электр кубатын өндүрүүчү биринчи ишкана болмокчу.
Мындай заводдун курулушу менен борбор калаабыздын экологиялык абалы олуттуу түрдө жакшырат, жергиликтүү элди электр кубаты менен камсыздоо маселесине дагы салым кошот”, — деди Мамлекет башчысы.
Ал долбоорго багытталган инвестициянын жалпы суммасы 95 миллион АКШ долларын түзөрүн кошумчалады. Заводдун курулушуна 12 гектар жер берилген, бардык каражаттар инвестор тарабынан каржыланды.



