7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Аспек Жумашевдин үйүнө барды

771

Садыр Жапаров бүгүн, 9-майда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Аспек Жумашевдин үйүнө барып, андан кабар алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчы ардагерди 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгы менен куттуктап, ага узун өмүр, чың ден соолук каалады.

Президент согуштун катышуучулары кармаш талаасында эбегейсиз эрдикти жана баатырдыкты көрсөткөнүн, анын аркасында алардын урпактары тынчтыкта ​​жана бейпилдикте жашап жатканын белгиледи.

Садыр Жапаров ардагер жана анын үй-бүлө мүчөлөрү менен чай үстүндө баарлашып, өлкөдө жүргүзүлүп жаткан өзгөрүүлөргө токтолуп, негизинен социалдык кызматкерлерди колдоого мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл бурулуп жатканын, маселен, алардын эмгек акысы бир топ жогорулаганын белгиледи.

Президент ошондой эле өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн күжүрмөн даярдыгы жана техникалык жактан камсыз болушу жогорулаганын белгиледи.

Аспек Жумашев өзүнүн өмүр жолу, согуш жылдары тууралуу, Ленинград блокадасын бузууга катышканын айтып берди. Ал 18 жашында, 1942-жылдын сентябрында Кызыл Армиянын катарына чакырылганын билдирди.

Ата Мекендик согуштун 3-даражадагы ордени, “Германияны жеңгендиги үчүн” медалы күжүрмөн сыйлыктары бар.

Маектин соңунда ардагер Садыр Жапаровго ден соолук, мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди, ал эми Кыргызстан элине бакубатчылык жана бейпил жашоо каалап, ак батасын берди.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

772