7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров УТРКнын ишмердүүлүгү менен таанышты

538

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-декабрда, Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын (УТРК) ишмердүүлүгү менен таанышты.

Мамлекет башчысы жаңыланган жана оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн анимация жана үн жазуучу студияларын көрүп чыкты, анда А.Жумакматов атындагы Академиялык симфониялык оркестринин жана акын-импровизаторлордун репетициялары өткөрүлгөн. Ошондой эле, УТРКнын «Алтын казына» борборунда, «Замана» студиясында, техникалык көзөмөл бөлүмүндө, аппараттык жана башка бөлүмдөрүндө болду.

Андан ары Президент УТРКнын 90 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты, майрамдык аземге жергиликтүү радио жана телекөрсөтүү тармагынын ардагерлери, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер сыйлуу конок катары катышты.

Мамлекет башчысы куттуктоо сөзүн сүйлөп, анда кыргыз радиосунун жана телекөрсөтүүсүнүн түптөлүү тарыхына токтолуу менен негиздөөчүлөрдү жана биринчи жетекчилерди эске салды, ошондой эле, корпорацияны өнүктүрүүнүн негизги багыттарына токтолду.

Президент ошондой эле, УТРКнын 90 жылдыгына байланыштуу УТРКнын жана борбор калаадагы ЖОЖдордун бир катар кызматкерлерине кесиптик милдеттерин ак ниет аткаргандыгы үчүн сыйлыктарды тапшырды.

Иш-чара концерттик программа менен уланды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

539