7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Владимир Путинди шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

533

Бүгүн, 18-мартта президент Садыр Жапаров Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Садыр Жапаров Владимир Путинди болуп өткөн президенттик шайлоодогу ишенимдүү жеңиши менен куттуктап, бул Россия элинин мамлекеттик эгемендүүлүктү бекемдөө, калктын бакубаттуулугун жогорулатуу, Россия мамлекетинин өз алдынча, көз карандысыз жана ачык тышкы саясатын жүргүзүү боюнча даанышман саясатты жана жан аябас эмгекти жогору таануусунун жана колдоосунун ачык далили экенин белгиледи. Жапаров Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин мындан ары да чыңдоо боюнча биргелешкен аракеттер приоритеттүү чөйрөлөрдө мамлекеттер аралык өз ара аракеттенүүнүн бүткүл комплексин өнүктүрүүгө өбөлгө түзөөрүнө ишенет.

Өз кезегинде Владимир Путин Садыр Жапаровго куттуктоолору үчүн ыраазычылык билдирди. Өлкө лидерлери кыргыз-россиялык эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, интеграциялык бирикмелердин алкагындагы өлкөлөрдүн өз ара аракеттенүүсүн, ошондой эле үстүбүздөгү жылдын май айында Москвада өтө турган Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин мааракелик жыйынын талкуулашты, ага Садыр Жапаров катышат.

 

534