Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-майда, Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында аны өнүктүрүүнүн пландары менен таанышты.
Мамлекет башчыга аймактын өнүгүүсүнүн социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү, жергиликтүү калктын жашоо сапатын жакшыртууга жана экономикалык өсүштү өбөлгөлөөгө багытталган долбоорлордун ишке ашырылышы тууралуу маалымат берилди.
Садыр Жапаровго Ысык-Көл облусунун 1 миллиард 668 миллион сомду түзгөн бюджети тууралуу айтып беришти. Ички жана тышкы инвестициянын көлөмү 10 миллиард сомдон ашкан.
Облуста 311 чакырым жолдун курулушу уланууда. Анын ичинде Түп – Кеген, Балыкчы – Барскоон, Корумду – Балбай ири долбоорлору бар. Жакынкы арада Барскоон-Каракол унаа жолунун курулушу башталат.
Мындан тышкары Президентке 134 объекттин курулушу, анын 69у ишке берилгени тууралуу маалымдалды. Анын ичинде 11 мектеп, 10 бала бакча, спорт комплекси, 29 кичи футбол аянтчасы, 2 оорукана жана 13 фельдшердик-акушердик пункт бар.
Облусту өнүктүрүү планына ылайык, 2025-жылы 4 чакан ГЭС жана кубаттуулугу 300 мегаватт күн электр станциясы курулат. Келечекте дагы 34 кичи ГЭС, 5 күн жана 1 шамал электр станциясын курууну пландап жатышат.
Ошол эле учурда Ысык-Көл облусунун 22 айылы ичүүчү таза суу менен камсыз болот.
Туризм тармагында көл жээктеринин абалын жакшыртуу жана эс алуучуларга шарт түзүү боюнча пландуу иштер жүргүзүлүүдө. Чолпон-Ата шаарында жээк аймагынын курулушу аяктоо алдында турат жана аны быйылкы сезондо бүткөрүү пландалууда.