7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Ысык-Көлдү таштандылардан тазалоонун жүрүшү менен таанышты

760

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-июнда, Ысык-Көлдү балык кармоочу торлордон жана көлдүн акваториясын таштандылардан тазалоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Мамлекет башчысы өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жана ӨКМдин суучулдар тобу менен биргеликте аткарылып жаткан иштерди жеке өзү текшерди.

Президентке маалымдалгандай, анын тапшырмасына ылайык үстүбүздөгү жылдын март айынан бери өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери тарабынан көлдөн 100 километрдей браконьердик торлор алынып, Ысык-Көлдүн түбүнөн 6,8 тоннага жакын таштанды тартып чыгарылган. Мындай көлөмдөгү балык уулоо шаймандары жана тиричилик калдыктары толук эмес төрт айдын ичинде Жети-Өгүз районунан Чолпон-Ата шаарына чейинки акваторияда эле чогултулган. Бүгүнкү күндө көлдү тазалоо иштери батыш багытында жүрүп жатат, андан ары түштүк жээкте улантылып, октябрга чейин бүткөрүлүп, суунун бетин толугу менен камтыйт.

Мамлекет башчысынын катышуусундагы инспекциянын жүрүшүндө үч сааттын ичинде суучулдар 500 метрден ашык жаңы жана эски балык уулоочу торлорду кармашты, эми алар утилизацияга кетет.

Президент Садыр Жапаров ӨКМ кызматкерлеринин Ысык-Көлдүн суу экосистемасын сактоодо, ошондой эле браконьерликке каршы күрөштө экологиялык милициянын жана башка кызматтардын оор эмгегин белгиледи.

Мамлекет башчысы аткарылып жаткан иштердин өзгөчө маанисин баса белгилеп, жайкы туристтик сезон аяктагандан кийин да акваторияны үзгүлтүксүз патрулдоону улантууну тапшырды.

Президент Садыр Жапаров ошондой эле жарандарды табигый кооз жерлерге, туристтик жайларга аяр мамиле жасап, таштанды таштабоого чакырды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

761