7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Юн Сок Ёлди куттуктап, корея элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады

595

Президент Садыр Жапаров Юн Сок Ёлди Корея Республикасынын президенти кызматына шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

“Корея Республикасы Азия-Тынч океан регионундагы Кыргыз Республикасынын негизги өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. Кыргызстан достук жана өз ара түшүнүшүү принциптерине негизделген кыргыз-корей эки тараптуу мамилелерин жогору баалайт. Акыркы жылдары биздин кызматташтыгыбыз жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн белгилей кетүү кубанычтуу. Буга жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара сапарлар, жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр маанилүү өбөлгө түздү.

Сиздин жогорку мамлекеттик кызматта иштөөңүз Корея Республикасынын мындан аркы өнүгүшүнө, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин тереңдешине салым кошот деп ишенем”, — деп айтылат Мамлекет башчы.

Ошондой эле Садыр Жапаров Юн Сок Ёлго  чың ден соолук жана жооптуу кызматында ийгиликтерди, ал эми дос корея элине – тынчтык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

596