7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камиловду кабыл алды

585

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-февралда Өзбекстан Республикасынын тышкы иштер министри Абдулазиз Камиловду кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда Кыргыз-Өзбек мамлекеттердин ортосундагы эки жана көп тараптуу кызматташуунун абалы жана келечеги жөнүндө пикир алмашуу болду. Президент Садыр Жапаров Кыргыз-Өзбек мамилелеринин жогорку деңгээлин жана 2020-жылы коронавирус пандемиясы маалында мамлекеттердин бири-бирине колдоо көрсөткөнүн белгиледи.

Мамлекет башчысы Кыргыз өлкөсү өз ара колдоого негизделген жана эки боордош элдин кызыкчылыктарын канааттандырган достук жана ынак коңшулук мамилелерди мындан ары да өнүктүрүүгө бекем ниети бар экендигине өзгөчө токтолду .Президент Садыр Жапаров өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты арттыруу боюнча жагымдуу шарттарды түзүү үчүн биргеликте иш алып барууга даяр экендигин билдирип, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевге саламын жолдоду.

Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов бүгүнкү күндө өлкөлөр ортосунда жакшы база түзүлүп, эки тараптуу алакаларды тереңдетүү үчүн бардык керектүү инструменттер бар экенин белгиледи.Ал тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде маселелердин бардык чөйрөсү туруктуу талкууланып жаткандыгын жана сүйлөшүүлөр өз ара ишенимдин негизинде, эки өлкөнүн бири-биринин кызыкчылыктарын эске алуу менен жүргүзүлүп жаткандыгын баса белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө өзбек тарап Өзбекстан Республикасынын ррезиденти Шавкат Мирзийоевдин “Борбордук жана Түштүк Азия: аймактык өз ара байланыш. Кыйынчылыктар жана мүмкүнчүлүктөр” деген аталыштагы жогорку деңгээлде өтө турган эл аралык конференцияга чакыруусун жеткирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

586