7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевди кабыл алды

465

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-февралда, Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевди кабыл алды.

Мамлекет башчыга Кыргызстандын ӨКМ куткаруучулары тарабынан Түркия Республикасында жүргүзүлгөн издөө-куткаруу иштери тууралуу маалымат берилди.

Бообек Ажикеев Президенттин тапшырмасын аткаруу максатында ири кыйроолорго алып келген жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн 120 адамдан турган атайын топ дароо Түркияга жөнөтүлгөнүн айтып берди. Ага куткаруучулар, медиктер, кинологдор жана психологдор кирген.

ӨКМ тарыхында биринчи жолу кыргызстандык куткаруучулар өлкөдөн сырткары куткаруу миссиясы менен чыгышты. Акыркы эки жылда куткаруучуларды даярдоону жана кинологиялык кызматтын ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө. Министр Кыргызстандан барган куткаруучулардын командасы чоң иш аткарганын — өз өмүрүн тобокелге салып, куткаруучулар урандылардын астынан 8 адамды, анын ичинде жаш балдарды сактап калууга, 198 адамдын сөөгүн алып чыгууга жетишкендигин баса белгиледи. Мындан тышкары Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги, ал жакта жашаган жана окуп жаткан мекендештер, жеринде чоң жардам, колдоо көрсөтүштү. Садыр Жапаров куткаруучуларга Түркиядагы ири кыйроолорго алып келген жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу боюнча аткарган иштери үчүн ыраазычылык билдирип, алардын иш-аракеттерин “профессионалдуу, жакшы уюшкан жана натыйжалуу” деп атады. 

Президент Түркияда болгон табигый кырсык кыйроолорго алып келип, боордош мамлекетке чоң зыян келтиргенин белгиледи. Бул жалпы кайгыга айланып, Түркия элине жардам берүүдө бардыгын бир муштумга бириктирди.

Мамлекет башчы министр Бообек Ажикеевге Түркиядагы издөө-куткаруу иштеринде өзгөчөлөнгөн куткаруучуларды сыйлоо боюнча сунуш киргизүүнү тапшырды. Бул башкаларга да стимул болорун, алар мындан да мыкты иштеп, өз кесибинде өсүүгө умтула турганын баса белгиледи.

Мындан тышкары, Президент Садыр Жапаров өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жаз-жай мезгилине мүнөздүү табигый кырсыктардын алдын алуу иштерин күчөтүү керектигине токтолду.

Мамлекет башчысы өзгөчө кырдаалдардын мүмкүн болушунча алдын алууга багытталган ыкчам чараларды көрүү зарылдыгын белгиледи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

466