7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Жалал-Абаддагы көркөм сүрөт жатак-мектебин ачты

296

Президент Садыр Жапаров бүгүн Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында облустук көркөм сүрөт мектеп-интернатынын ачылышына катышты. Имарат 1906-жылы курулган жана акыркы жылдары пайдаланууга жараксыз, авариялык абалда болуп калган.

Жаңы көркөм сүрөт мектебинин курулушу 2024-жылдын аягында башталган. Долбоор 100 окуучуга ылайыкталган окуу корпусун курууну карайт. Үч кабаттуу имарат төрт блоктон турат. Мамлекет башчысы заманбап кабинеттерди, жабдылган чеберканаларды, көркөм галереяны жана ыңгайлуу жатакананы көрүп чыкты.

Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева Садыр Жапаровго билим берүү мекемесинде окуучулардын көркөм табитин өнүктүрүүгө жана сүрөт искусствосу жаатында кесиптик багыт берүүгө өзгөчө көңүл буруларын айтып берди.

Мектептин бүтүрүүчүлөрү Улуттук көркөм сүрөт академиясында тандаган багыттары боюнча окуусун улантып, живописчи, скульптор, дизайнер-архитектор, графикалык дизайнер, искусство таануучу, костюм дизайнери, керамист сыяктуу кесиптерди өздөштүрүшөт.

Президент Садыр Жапаров көркөм сүрөт мектебинин мугалимдери жана окуучулары менен баарлашып, аларга чыгармачылык ийгиликтерди жана тандаган багыттарындагы жаңы жетишкендиктерди каалады.

297