7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров жалпы республикалык эл каттоого катышты

665

Бүгүн, президент Садыр Жапаров өлкө боюнча башталган 2022-жылдагы Кыргыз Республикасынын элин жана турак жай фондун жалпы республикалык каттоого катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы суроолорго сурамжылоонун формасы боюнча жооп берди. Каттоочу атайын мобилдик тиркеменин жардамы менен Садыр Жапаров жана анын үй-бүлөсү тууралуу бардык маалыматтарды жеринде жазып алды.

Эске салсак, Кыргызстанда элди жана турак жай фондун каттоо 25-мартта башталып, 2022-жылдын 3-апрелине чейин уланат. Республиканын алыскы аймактарында каттоо ушул жылдын 23-апрелинен 2-майга чейин жүргүзүлөт.

Эл каттоого 28 миң убактылуу каттоочу кызматкерлери (координаторлор, инструктор-көзөмөлдөөчүлөр жана эл каттоочулар) тартылды.

Жалпы республикалык өнөктүк каттоочулар тарабынан жеке уюлдук телефон же планшет аркылуу мобилдик тиркемени колдонуу менен биринчи жолу электрондук форматта өткөрүлөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

666