7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаровду Казакстандын вице-премьер-министри менен энергетика министри тосуп алышты

487

Бүгүн, 2-мартта Казакстанга мамлекеттик иш-сапары менен кеткен өлкө башчы Садыр Жапаров Нур-Султан шаарына жетти. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.

«Нур-Султан шаарынын эл аралык аэропортунда мамлекет башчысын Казакстандын вице-премьер-министри, тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди, энергетика министри Нурлан Ногаев жана Нур-Султан шаарынын акими Алтай Кульгинов тосуп алышты», — деп жазылат билдирүүдө.

Нур-Султан шаарынын эл аралык аэропортунда Кыргыз өлкөсүнүн жана Казакстандын мамлекеттик желектери илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароолдун ротасы тизилген.

Президент Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле өз ара алакалардын келечегин талкуулайт.

Ошондой эле, мамлекет башчысы Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев, Парламенттин Мажилисинин Төрагасы Нурлан Нигматулин жана премьер-министр Аскар Мамин менен жолугушат.
Ошол эле учурда, мамлекеттик сапардын алкагында Садыр Жапаровдун Казакстандын ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуусу пландалган.

488