7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаровдун Азербайжанга болгон иш сапары аяктады

16

7-октябрда президент Садыр Жапаровдун Азербайжандын Габала шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын 12-чи саммитине катышуусу аяктады.

Президент өз сөзүндө Кыргызстан бир жыл мурда ТМУга төрагалык кылуу боюнча ардактуу миссияны өзүнө алганын жана экономика, соода, инвестиция жана каржы тармактарында кызматташуу боюнча Жол картасын даярдаганын эске салды.

Ал санариптик документтерди укуктук таанууну камсыз кыла турган электрондук санарип кол тамгаларды өз ара таануу жөнүндө макулдашууга жетишүү боюнча кыргыз тараптын демилгесин баса белгиледи.

Президент үстүбүздөгү жылдын 18-сентябрында Бишкек шаарында биринчи жолу Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жолугушуусу өткөнүн өзүнчө белгилеп өттү. Бул кыргыз төрагалыгынын маанилүү жыйынтыгы жана уюмдун өнүгүшүндөгү тарыхый кадам болуп саналат.

Габала саммитинин жыйынтыгында Кыргызстан ТМУдагы төрагалыгын расмий түрдө аяктап, эстафетаны Азербайжанга өткөрүп берди.

Андан ары мамлекет башчылары бир катар көп тараптуу документтерге кол коюшту.

Муну менен катар Садыр Жапаров Түркмөнстан Физули шаарында кура турган мечиттин пайдубалын түптөө онлайн-аземине катышты.

Садыр Жапаров Габала шаарындагы ТМУнун кезектеги саммитине катышуусун аяктаган соң, 7-октябрда Бишкек шаарына кайтты.

17