Президент Садыр Жапаровдун 4-5-ноябрда Мисир Араб Республикасына болгон расмий сапары аяктады.
Каир шаарындагы “Аль-Иттихадия” Президенттик сарайында Президент Садыр Жапаровдун Мисирдин Президенти Абдель Фаттах Ас-Сиси менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү.
Садыр Жапаров Мисирдин Президенти Абдель Фаттах Ас-Сиси менен тет-а-тет форматында сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Мамлекет башчылары бул сапар кыргыз-мисир мамилелерине жаңы дем берип, кызматташтыкты сапаттык жактан жаңы деңгээлге чыгараарына ишеним билдиришти.
Андан ары лидерлер кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Кыргыз-мисир кызматташтыгынын негизги багыттары, анын ичинде саясий диалогду өнүктүрүү, экономикалык өз ара аракеттенүү, инвестициялар жана эки тарапты кызыктырган башка маселелер талкууланды.
Эки мамлекеттин башчылары өз ара мамилелердин оң динамикасына канааттануу билдиришип, аларга жаңы дем берүүгө даярдыктарын баса белгилешти.
Эгемендүүлүк алгандан ушул кезге чейин Африка континентине жогорку жетекчиликтин сапарлары жасалбаганы белгиленди.
Мындан тышкары, Президент Садыр Жапаров Каир шаарында Мисир Парламентинин Өкүлдөр палатасынын Төрагасы Ханафи Али Жебали менен жолугушту.
Тараптар парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо, келишимдик-укуктук базаны өркүндөтүү жана башка маселелерди талкуулашты.
Андан соң Садыр Жапаровдун, Мисир Араб Республикасынын Премьер-министри Мустафа Мадбулинин, ошондой эле Мисирдин ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда Каир шаарында биринчи жолу кыргыз-мисир бизнес-форуму болуп өттү.
Президент мисирлик ишкерлерди Кыргызстандын экономикалык мүмкүнчүлүктөрү жана инвестициялык потенциалы менен таанышуу үчүн өлкөгө келүүгө чакырды.
Ошол эле жерде эки өлкөнүн министрлери эки тараптуу кызматташуунун келечектүү багыттары жөнүндө кыскача баяндама жасашты.
Мындан тышкары, форумда эки өлкөнүн экономикасынын негизги багыттарын жана туристтик мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле энергетика, өнөр жай, айыл чарба, транспорт жана санариптик экономика тармактарындагы келечектүү долбоорлорду тааныштырган видео презентациялар сунушталды.
Садыр Жапаровдун Мисирге болгон расмий сапарынын жыйынтыгында кыргыз-мисир биргелешкен өз ара аракеттенүүсүн арттырууга багытталган 8 эки тараптуу документке кол коюлду.
Ошондой эле Мамлекет башчысы расмий сапардын маданий программасынын алкагында атактуу Гиза пирамидаларынын комплексине жана Чоң Мисир музейине барды.
Садыр Жапаров Мисирге болгон расмий сапарын аяктаган соң, 5-ноябрда Вашингтонго (АКШ) учуп кетти.



