7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаровдун Египетке болгон сапарынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду

2

Президент Садыр Жапаровдун Египет Араб Республикасына болгон расмий сапарынын жыйынтыгында бүгүн, 5-ноябрда кыргыз-египет биргелешкен өз ара аракеттенүүсүн арттырууга багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Төмөнкү документтерге кол коюлду:

— Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен Египет Араб Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык, кызматтык жана атайын паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу жөнүндө макулдашуу;

— Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен Египет Араб Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы Экономикалык, илимий жана техникалык кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

— Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен Египет Араб Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы Айыл чарба жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

— Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен Египет Араб Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы Жогорку билим берүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

— Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен Египет Араб Республикасынын Электр энергия жана энергиянын кайра жаралуучу булактары министрлигинин ортосундагы Электр энергиясы жана энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен Египет Араб Республикасынын Инвестициялар жана эркин экономикалык зоналар боюнча Башкы башкармалыгынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик менен Египет Араб Республикасынын Вакф (кайрымдуулук) министрлигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен Египет Араб Республикасынын Борбордук банкынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

3