7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаровдун Кореяга болгон расмий сапары аяктады

430

Президент Садыр Жапаровдун 2-4-декабрда Корея Республикасына болгон расмий сапары аяктады.

Сапардын алкагында 3-декабрда мамлекет башчысы Сеул шаарындагы Улуттук мемориалга гүлчамбар коюу аземине катышты.

Президент Кореянын көз карандысыздыгы үчүн курман болгон баатырларды эскерип, Ардактуу коноктор китебине жазуу калтырды. Андан кийин Садыр Жапаров Корея Республикасынын президенти Юн Сок Ёль менен кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы өз ара кызыкчылык туудурган тармактарда эки тараптуу кызматташууну акырындык менен тереңдетүү маселелери талкууланды. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча кыргыз-корей кызматташтыгын арттырууга багытталган эки тараптуу 22 документке кол коюлду.

Ошол эле күнү Садыр Жапаров Корея парламентинин спикери У Вон Шик менен жолугушту. Тараптар саясий, экономикалык жана маданий тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө, парламенттер аралык байланыштарды кеңейтүү, ошондой эле инвестиция, технология жана туризм жаатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Корея Республикасына жасаган расмий сапарынын алкагында Садыр Жапаров Ассамблеянын президенти жана Жашыл өсүү глобалдык институтунун (GGGI) Кеңешинин төрагасы, БУУнун мурдагы Башкы катчысы Пан Ги Мун менен жолугушту.

 

431