Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Бишкекте Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйыны өттү.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында бүгүн, 27-ноябрда, Бишкек шаарында Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйыны болуп өттү.
Пленардык жыйынга чейин мамлекет башчылары Жамааттык коопсуздук кеңешинин тар курамдагы жыйынына катышышты.
Жыйынды ачып жатып, Садыр Жапаров бул жолугушуунун жыйынтыктарын жарыялап, регионалдык жана глобалдык коопсуздуктун негизги аспектилери боюнча ачык пикир алмашуу өткөнүн, күн тартибиндеги бардык маселелер боюнча өз ара түшүнүшүү камсыздалганын белгиледи.
Мамлекет башчысы сессиялар аралык мезгил тууралуу айтып, заманбап чакырыктар жана коркунучтарга каршы туруу боюнча конкреттүү иштер жасалганын, ошондой эле Уюмдун эл аралык аброюн бекемдөө жаатында иш жүргөнүн баса белгиледи.
Бул контекстте Садыр Жапаров аскердик, аскерий-экономикалык жана аскердик-техникалык кызматташтык багытында көрүлгөн чараларды белгиледи, 2025-жыл бою бир катар ири, анын ичинде Кыргызстанда “Чек”, “Бузулгус боордоштук” жана “Эшелон” сыяктуу ири машыгуулар өткөрүлдү.
“Бул жана башка иш-чаралар мүчө-мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрүнүн өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылып, коюлган тапшырмаларды аткарууга даярдыгын жогорулатты”, — деди Президент.
Ал ошондой эле мүчө-мамлекеттердин компетенттүү органдарынын маалыматтык-коммуникациялык технологияларды террордук жана экстремисттик максаттарда пайдалануунун алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча ыкчам өз ара аракеттенүүлөрүн белгилеп өттү.
Президент Садыр Жапаров Уюмдун 2025-жылга пландалган бардык иш-чаралары ийгиликтүү аткарылганын жана бүгүн келерки жылга карата ишмердүүлүктүн актуалдуу багыттары аныкталганын белгиледи.
ЖККУдагы кезектеги төрагалык Россия Федерациясына өтүүдө. Буга байланыштуу Владимир Путин төрагалыктын негизги приоритеттеринин бири — Уюмга мүчө-мамлекеттердин жамааттык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кызматташуусу, ошондой эле ЖККУнун жаңы антитеррордук стратегиясын даярдоо, маалыматтык коопсуздук жана парламенттер аралык кызматташуу экенин белгиледи.
Өлкө лидерлери Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынын 2026-жылдын 11-ноябрында Россия Федерациясында өткөрүүнү макулдашышты.
Андан соң Президент Садыр Жапаров Имангали Тасмагамбетовду Уюмдун Башкы катчысы кызматындагы жемиштүү иши үчүн ЖККУнун I даражадагы Ардак белгиси менен сыйлады. 2026-жылдан тартып анын кызмат ордун Таалатбек Масадыков ээлейт.



