7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаровго таэквондо боюнча ардактуу 9-дан ыйгарылат

555

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бүткүл дүйнөлүк таэквондо федерациясынын президенти Чунг Вон Чону кабыл алды.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар дене тарбия жана спорт тармагындагы кызматташууну, ошондой эле спорттук медицинаны өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Жапаров таэквондо жаштарды эрктүүлүккө жана тартипке тарбиялоого, ошондой эле сергек жашоо образын жайылтууга багытталган өлкөдөгү эң популярдуу спорттун түрлөрүнүн бири экенин белгиледи. Өз кезегинде Чунг Вон Чо ага өзүн-өзү коргоо өнөрүнүн бул түрүн жайылтууга багытталган иштер тууралуу айтып берди, өзгөчө социалдык жактан аялуу үй-бүлөлөрдүн балдарын чаралар таэквондого акысыз үйрөтүү боюнча иштерди белгиледи.

Ал ошондой эле Бүткүл дүйнөлүк таэквондо федерациясынын президиуму таэквондо (WTF) боюнча ардактуу тогузунчу данды президент Садыр Жапаровго ыйгарууну чечкендигин, ал жакын арада ага ыйгарыла турганын кошумчалады.

9-дан —чеберчиликтин эң жогорку даражасы. Ал таэквондону жайылтуудагы сиңирген эмгеги үчүн ыйгарылат. Бул наам Казакстан, Россия, АКШ, Индонезия, Гондурас, Испания, Хорватия, Пакистандын президенттерине, ошондой эле БУУнун экс-башкы катчысы Пан Ги Мунга да ыйгарылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

556