7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сахалинде кармалган кыргызстандыктын жакындарына укуктук жардам көрсөтүлүүдө

510

Россиянын Сахалин облусунда кармалган кыргызстандыктын жакындарына консулдук-укуктук жардам көрсөтүлүүдө. Бул тууралуу ТИМ билдирет. 

Сахалин облусунун укук коргоо органдары тарабынан 2002-жылы туулган КР жараны А.Н. кармалган. Ал РФ Кылмыш-жаза кодексинин «Автомобиль, трамвай же башка механикалык транспорт каражатын башкарган адамдын, жол кыймылынын же транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу, байкабастыктан адамдын ден соолугуна оор залал келтирген» деген беренеси менен кармалган.

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин Түштүк-Сахалин шаарындагы кеңсеси Россиянын укук коргоо органдарына керектүү маалымкаттарды берди.

Кармалган жарандын жакындары менен жолугушуу болуп, консулдук-укуктук жардам көрсөтүлгөн. Учурда окуянын бардык жагдайларын тактоо боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Бул маселе министрликтин көзөмөлүндө.

511