7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сайкал Садыбакасова апасына жол тандабас унаа белек кылды

5030

Белгилүү ырчы Сайкал Садыбакасова апасы Гүлшайыр Садыбакасовага жол тандабас унаа белек кылды. Бул тууралуу ырчы айым инстаграм баракчасына жазып, видео жарыялады.

«Апама «LEXUS LX570» белек кылдым!  Бул менин көптөн бери кыялым эле! Кудайга шүгүр ушундай апамды ыраазы кылган күндөрдү  буйруганына!  Кимдер гана 9 ай сай-сөөгү сыздап төрөгөн апасы жөнүндө жакшы кептерди айтып мактанбасын ээ?!  Бул ааламды көрүүгө мүмкүнчүлүк берген алтын апакем, сиз бар, биз бар! Канчалаган кыйынчылыктарды көтөрүп, ушул даражага алып келдиңиз. Ооба апа, сиздин биз үчүн эле эмес, эл үчүн да кошкон салымыңыз зор! Сиз эң-эң кымбаттуумсуз! Сөз менен жеткире алгыс байлыгымсыз! 
Белегимди берип кучактасам, «Эркин ушул күнү жаныбызда болсо»,- деп ыйлап жибергенин көрүп, ичимен эзилип кеттим.  Апакебай, сиздин берген таалим-тарбияңыздын үзүрүн көрүп жатам. Бул белек сиздин тоодой эмгегиңиз менен сүйүңүздүн алдында эмне болуп калыптыр«,- деп жазган Садыбакасова

Сайкал Садыбакасованын кубанычтуу жаңылыгын күйөрмандары жылуу кабыл алып, ак тилектерин арнап жазгандар арбын.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

5031