Бүгүн Мамлекеттик салык кызматынын коллегиялык жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев «Салык күзөт» салыктык талдоонун автоматташтырылган маалыматтык тутумун иштеп чыгууга катышкан адистерге президенттин атынан Алкыш жана министрлер кабинетинин Ардак грамоталарын тапшырды.
Алсак, Кыргызстандын финансы-экономикалык потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, «Салык күзөт» салыктык талдоонун автоматташтырылган маалыматтык системасын иштеп чыккандыгы, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн президенттин атынан төмөнкүлөргө алкыш жарыяланды:
– Качкынбай уулу Шамшыбекке, Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы «Салык сервис» мамлекеттик мекемесинин директору;
– Мамадалиев Бек Жумадилович, Мамлекеттик салык кызматынын аналитикалык иштер башкармалыгынын башчысы;
– Үсөнов Адилет Жаныбекович, көз карандысыз тышкы эксперт.
Ошондой эле өлкөнүн финансы-экономикалык потенциалын өнүктүрүүгө кошкон чоң салымы, «Салык күзөт» тутумун иштеп чыккандыгы үчүн Адылбек Касымалиев төмөнкү кызматкерлергеминистрлер кабинетинин Ардак грамоталарын тапшырды:
– Бөрүбеков Алмаз Калматович, Мамлекеттик салык кызматынын аналитикалык иштер башкармалыгынын тармактык аналитика бөлүмүнүн башчысы;
– Сапаров Мирбек Тилекович, Мамлекеттик салык кызматынын аналитикалык иштер башкармалыгынын дайындарды системалуу аналитикалоо бөлүмүнүн башчысы;
– Адильгириев Талгат Шамильевич, Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы «Салык сервис» мамлекеттик мекемесинин программалык камсыздоону иштеп чыгуу боюнча башкармалыгынын башкы программисти;
– Александров Дмитрий Вадимович, Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы «Салык сервис» мамлекеттик мекемесинин программалык камсыздоону иштеп чыгуу боюнча башкармалыгынын жетектөөчү программисти.
«Салык күзөт» тутуму аналитикалык иштин натыйжалуулугун, салыктык башкаруунун ачык-айкындуулугун жана кабыл алынуучу башкаруу чечимдеринин сапатын жогорулатууга багытталган.




