7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Салык кызматкери 200 миң сом пара алып жатканда кармалды

550

Мамлекеттик салык кызматынын райондук башкармалыгынын бөлүм башчысы опузалап пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Салык кызматынын Ош облусунун Өзгөн району боюнча башкармалыгынын кызматкери салык текшерүүсүнүн жыйынтыгын бурмалоо жана 700 миң сомдон ашык салык карызын жашыруу үчүн облустун тургунунан акча талап кылган. Салык кызматкери пара катары талап кылган акча 200 миң сомду түзөт.

Чогултулган материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара алуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Аталган сумманы алып жатканда Салык кызматынын Өзгөн району боюнча башкармалыгынын бөлүм башчысы У. К. кармалган. Тинтүү иштеринин жүрүшүндө күрмөнүн чөнтөгүнөн пара катары алынган акчалар табылган.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

 

551