7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Салык кызматы коомдук талкуудан кийин талаштуу мыйзам долбоорун чакыртып алды

160

Мамлекеттик салык кызматы Министрлер Кабинетинин өзүнчө бөлүмгө укук коргоо органы макамын ыйгаруу жөнүндө токтом долбоорун чакыртып алат. Бул тууралуу Салык Кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 7-октябрында Салык кызматы тарабынан «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Министрлер Кабинетинин укук коргоо органынын макамына ээ болгон Салык кызматынын органдарынын функцияларын жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоору коомдук талкууга чыгарылган.

Белгилей кетсек, долбоор Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин
55-беренесин ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.

Салык кызматы коомчулукка талкууга активдүү катышканы үчүн ыраазычылык билдирет жана салык саясаты жана башкаруу жаатындагы маанилүү маселелер боюнча ачык диалогго даяр экенин белгилейт.

Эске сала кетсек, буга чейин Мамлекеттик салык кызматы “Укук коргоо органы статусуна ээ болгон салык органдарынын функциялары жөнүндө” токтом долбоорун коомдук талкууга койгон. Долбоордун негизинде салык кылмыштарына каршы күрөшүү үчүн Мамлекеттик салык кызматынын курамында жаңы башкармалык түзүлмөу. Бул башкармалык салык төлөөдөн качуу, акциздик товарлардын мыйзамсыз жүгүртүлүшү сыяктуу кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу менен алектенмек. Ошондой эле, башкармалык укук коргоо жана бажы органдары менен тыгыз кызматташып, ыкчам-аналитикалык иш-чараларды жүргүзмөк.

 

161