7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Салык кызматы зер буюмдарды легалдаштыруу өнөктүгүн аяктады

10
Мамлекеттик салык кызматы 2026-жылдын 1-мартында зер буюмдарды легалдаштыруу кампаниясын жыйынтыктады.
Кампаниянын жүрүшүндө 942 ишкер жалпы суммасы дээрлик 16,8 млрд сомду түзгөн зер буюмдарын легалдаштырып, 1 604 электрондук эсеп-фактура тариздеди. Легалдаштыруунун жүрүшүндө келип чыгышын тастыктаган документтери жок зер буюмдарынын калдыктары тууралуу маалыматтар Салык кызматынын маалымат базасына киргизилди.
Бул мындан ары аталган тармактагы продукциянын жүгүртүлүшүн натыйжалуу эсепке алууну жана көзөмөлдөөнү камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Өткөрүлгөн кампания салыктык башкарууну өркүндөтүү, экономиканын ачык-айкындуулугун жогорулатуу жана жүргүзүлүп жаткан экономикалык реформаларга ишенимди бекемдөө жолундагы маанилүү кадам болуп калды.
Эскерте кетсек, зер буюмдарын легалдаштыруу кампаниясы Президенттин «Экономиканын айрым тармактарын колдоо боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын аткаруунун алкагында өткөрүлгөн. Салык кызматы мындан ары да мыйзам талаптарын сактоо жана ишкерлер үчүн бирдей жана ак ниет шарттарды түзүү үчүн бизнес-коомчулук менен активдүү кызматташууну улантат.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

11