Салык төлөөчүлөр кыймылсыз мүлк боюнча маалыматтарын текшерүүсү зарыл
12
Мамлекеттик салык кызматы салык салынуучу кыймылсыз мүлкү бар салык төлөөчүлөргө укук белгилөөчү документтердеги көрсөтүлгөн маалыматтарды мамлекеттик каттоо органдарынын маалыматтары менен салыштырып чыгуусу керектигин эскертет.
Тактап айтканда, салык салынуучу объекттери бар жеке жана юридикалык жактар укук белгилөөчү документтердеги көрсөтүлгөн төмөнкү маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин («Кадастр» мамлекеттик мекемеси) маалыматтык системасынын маалыматтары менен алдын ала салыштырып текшерүүсү керек:
-мүлк салыгынын ээсинин жеке идентификациялык номери;
-юридикалык жактын аталышы, фамилиясы, аты, атасынын аты;
-мүлк объекттеринин жана жер тилкелеринин аянты;
-объекттерди дайындоо;
-ээлик үлүштөрү;
-сатып алуу же ээликтен ажыратуу датасы;
-башка маалыматтар.
Белгилей кетсек, бул маалыматтарды салыштыруу 2026-жылга карата турак жана турак эмес мүлк объектилерине салыкты сапаттуу жана туура автоматташтырылган эсептөөнү камсыз кылуу үчүн зарыл. Салык кызматы салык төлөөчүлөрдү салыкты туура эмес эсептөө болбошу үчүн маалыматты өз убагында текшерүүгө чакырат. Эске салсак, салык мыйзамдарына ылайык, кыймылсыз мүлккө салыкты эсептөө салык органдары тарабынан ишке ашырылат. Салык төлөөчүлөр эсептелген салыктын суммасын белгиленген мөөнөттө төлөшү керек.
Ошондой эле Салык кызматы тарабынан турак жана турак эмес мүлк объектилерине салыкты автоматтык түрдө эсептөө системасынын техникалык бөлүгүн киргизүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. 2025-жылы турак жай мүлк объекттерине салыкты автоматтык түрдө эсептөөнү киргизүү боюнча салык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү ишке ашыруунун техникалык биринчи фазасы ийгиликтүү аяктады. 2026-жылы турак эмес мүлк объектилерине салыкты автоматтык түрдө эсептөөнү киргизүүнүн экинчи фазасы жүргүзүлүүдө.
Бул чаралар салык төлөөчүлөр үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө жана жергиликтүү салыктарды эсептөө жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө багытталган.