7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Самаркандда ЮНЕСКО боюнча Улуттук комиссиялардын 12-жыйыны болуп өттү

134

Самарканд шаарында кечээ ЮНЕСКОнун иштери боюнча Улуттук комиссияларынын 12-жыйыны болуп өттү, деп жеринен билдирет кабарчыбыз.

Иш-чарада мүчө өлкөлөрдүн делегаттары уюмдун негизги багыттары жана жаңы демилгелерин талкуулашты. Анда жаштардын ролу, маданияттар аралык диалогду өнүктүрүү, туруктуу өнүгүү жана инклюзивдүү өсүү маселелери негизги көңүл борборунда болду. Айрыкча санарип доорундагы маданияттар аралык байланыштарды, айрыкча Улуу Жибек жолу контекстинде, чыңдоо баса белгиленди.

Катышуучулар маданий мурастарды билим, чыгармачылык жана заманбап технология менен айкалыштыруу зарыл деп эсептешти. Алардын айтымында, жаштар менен жамааттар өз салттарын сактап, аны жаңы муундарга жеткирүүгө тийиш.

Мындан тышкары, мамлекеттер, жарандык коом жана жеке сектор ортосундагы өз ара кызматташуу маселелери да каралды. Улуттук комиссиялар жергиликтүү кызыкдар тараптар менен ЮНЕСКОнун эл аралык тармактарынын ортосунда көпүрө ролун аткарары белгиленди.

Жыйын тажрыйба алмашуу жана ЮНЕСКОнун глобалдык максаттарын улуттук шарттарга ылайыкташтыруу боюнча маанилүү диалогдук аянтча болду.

Белгилей кетсек, бул жыйын 30-октябрдан 14-ноябрга чейин Самарканд шаарында өтө турган ЮНЕСКОнун 43-Бүткүл дүйнөлүк конференциясынын алдындагы даярдык иш-чарасынын бир бөлүгү болуп саналат.

135