7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Саралаев: Митинг өткөрүү ниети менен кармалгандар да Атамбаевдин сценарийи

1

Кыргызстанга Атамбаев кланынын кызыкчылыгындагы кезектеги жасалма кризис эмес, туруктуулук жана салмактуу ой керек. Бул тууралуу Тимур Саралаев фейсбук баракчасына жазды.

Анын айтымында, акыркы жумаларда Кыргызстандын маалымат мейкиндигинде болуп жаткан окуялар бул жөн гана дал келүүлөр эмес, алдын ала ойлонулган, атайын уюштурулган иш-аракеттер экени ачык көрүнүп калды.

«Атамбаевдин тегерегиндеги маалыматтык чабуулдар, Кадырдын тынымсыз үндөөсү, Сарынын күтүүсүз активдешүүсү жана бүгүнкү Султанбековдун кармалышы булардын баары бир сценарийдин бөлүктөрү.

«Чакырыктар болгон жок» деп айтуу өтө эле жөнөкөй, түз айтылбаса да алардын риторикасы, аракеттердин ырааттуулугу жана бул фигуралардын бир учурда чыга калышы саясий кырдаалды чайпап, коомду толкундатууну каалаган максаттын бар экенин айдан ачык көрсөтүп турат.

Айрыкча бул аракеттердин баары парламенттик шайлоонун алдында күчөгөнү бекеринен эмес. Шайлоо маалында коом сезимтал болуп, эмоцияга алдыруу менен маалыматтык чабуулга бат кабылат. Дал ушундай учурда абалды чыңалтып, коомдук пикирди буруп, аны саясатка айлантуу өтө жеңил. Ошондуктан Атамбаев жана анын айланасындагылар ушул маалда коомдогу ар бир кыймылды өз кызыкчылыктарына пайдаланып, көрүнө башташты.
Өзүнчө айта кетчү нерсе алардын эски командасы дагы деле тарай элек.

Атамбаевдин мурдагы саясий технологдору, пиарчылары, медиа кеңешчилери болгону тынчып калышкан. Абдил Сегизбаев баштаган Атамбаевдин коррупциялык системасына көп жыл кызмат кылган бул адамдар азыр да тексттерди, талдоолорду, сценарийлерди жана ар кандай провокациялык материалдарды даярдап жатканына шек жок. Элге көрүнгөнү Атамбаев менен анын уулу болушу мүмкүн, бирок кара жумушту мурда анын маалыматтык машинасын камсыздагандар аткарып жатат.

Бул башталышы гана, Атамбаев тарабынын кийинки кадамдар катары алдын ала даярдалган провокациялар болушу мүмкүн. Бул жасалма документтер, ойдон чыгарылган «иликтөөлөр» коомдук нааразылыкты күчөтүүгө багытталган күмөндүү маалыматтык чабуулдар. Мурда да ушудай ыкмаларды колдонуп келишкен, эми адилет иш алып баруусун күтүүнүн өзү күлкүлүү.

Азыр эң негизгиси алардын арзан ызы-чуусуна алданбоо керек.
Кыргызстанга Атамбаев кланынын кызыкчылыгы үчүн жасалган кезектеги жасалма кризис эмес, туруктуулук жана салмактуу ой керек, ансыз да алар өлкөнү бир учурда конфликтте жеткирген», — деди Саралаев.

2