7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сарман Асанбеков жана Алмаз Сарлыкбеков атындагы сыйлыктардын алгачкы ээлери сыйланды

1522

Театр күнүн майрамдоонун алкагында Сарман Асанбеков жана Алмаз Сарлыкбеков атындагы сыйлыктар биринчи жолу тапшырылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сыйлык «Сарман Асанбеков» атындагы жана «Маданиятты жана искусствону колдоо» фонду жана Кыргыз Республикасынын Театр ишмерлер союзу тарабынан негизделген.

Сарман Асанбеков атындагы сыйлыкты театр сынчысына жана искусство таануучуга берилет. Алмаз Сарлыкбеков атындагы сыйлык жаш режиссерлорго тапшырылат.

«Сарман Асанбеков атындагы сыйлыктын биринчи лауреаты белгилүү театр сынчысы Жаныш Кулманбетов, ал эми жаш режиссер Уланмырза Карыпбаев Алмаз Сарлыкбеков атындагы сыйлыктын биринчи лауреаты болду. Сыйлык үч жылда бир берилет. Лауреатка диплом, лауреаттын медалы, ошондой эле акчалай сыйлыктар тапшырылат», — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1523