7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сасык тумоону үй шартында кантип дарылоо керек?

1265

Сасык тумоону үй шартында кантип дарылоо керек. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Сасык тумоонун мүнөздүү өзгөчөлүгү – дароо башталганы: ооруган адамдын бир заматта алы кетип, дене табы көтөрүлөт. Дарыгерлер инфекциянын жайылышына жол бербөө үчүн үйдөн чыкпоону сунушташат.

«Үйдөн дарыланууда башкысы жатып эс алуу зарыл – көп уктап, эс алуу керек. Суюктук ичүү маанилүү: суу, морс, кантсыз суусундуктар. Заара аркылуу организмден керексиз заттар, токсиндер активдүү чыгарылат. Инфекциялык козгогучтар үчүн жагымсыз шелочтуу чөйрөнү түзгөн минералдык суу пайдалуу. Тамак жеңил жана белоктуу болушу кажет. Оору учурунда канттан баш тартуу оң», — деп белгилешти штабдан.

  • Эгерде кургак жөтөл пайда болсо, какырыкты суюлтуучу каражаттар көрсөтүлгөн.
  • Демейде дене табы 38 градустан жогору болгондо температураны түшүрүүчү дары-дармектер колдонулат.
  • 16 жашка чейинки балдарга аспирин берүүгө кескин тыюу салынган (Рейе синдромун пайда кылышы мүмкүн).
  • Боору ооруган бейтаптарга парацетамол ичүүгө таптакыр болбойт (токсиндүү).
  • Сасык тумоо сыяктуу респиратордук инфекцияларда антибиотиктер колдонулбайт.
  • Аларды өз алдынча колдонууга эч болбойт, бул дарыларды дарыгер гана жазышы керек!
  • Абал начарласа, дарыгерди же тез жардам кызматын чакыруу зарыл!

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1266