7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сатыев: “Өлүм жазасын эл өзү референдум аркылуу кабыл алат»

141

 

 

Өлүм жазасын киргизүүнү эл өзү чечиши керек. Ал эми соттор кабыл алынган мыйзамды аткарууга милдеттүү. Бул тууралуу Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев билдирди.

 Өмүр бою эркинен ажыратуубу же өлүм жазасын киргизүүбү, эл өзү тандайт. Соттор кабыл алынган мыйзамды аткарат, биз буга милдеттүүбүз”, — деди ал “Биринчи радиого” берген маегинде.

Сатыев аялдар менен балдарга карата жасалган кылмыштардын жазасы күчөтүлүшү керектигин кошумчалады.

Президенттик администрация Баш мыйзамдын 25-беренесинин 1-бөлүгүнө өзгөртүү киргизүүнү сунуштады. Ага ылайык, өлүм жазасы балдарды зордуктоо же зордуктоо менен коштолгон адам өлтүрүү учурларына карата колдонулушу мүмкүн.

Долбоор 28-октябрга чейин талкууланып, 4-ноябрда каралаары белгиленген.

Муну менен катар Кыргызстан өлүм жазасынан баш тартууну караган эл аралык милдеттенмеден чыга турганын дагы БУУга кабарлаган мыйзам долбоорун сунуштады.

Жакында эле окуучу кыз мыкаачылык менен өлтүрүлгөндөн кийин Садыр Жапаров өлүм жазасын  сунуштаган.

142