7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сауд Арабиянын тышкы иштер министри биринчи жолу Кыргызстанга келди

616

Сауд Арабия Падышачылыгынын тышкы иштер министри Файсал бин Фархан Аль Сауд Кыргызстанга келди. Ал Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин чакыруусу боюнча эки тараптуу мамилелердин тарыхында алгачкы жолу расмий сапары менен келип жатат. Бул тууралуу министрликтен маалымдашты.

Кыргыз Республикасы менен Сауд Араб Падышалыгынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдык маарекесинде боло турган расмий сапардын алкагында президент Садыр Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарга басым жасоо менен бирге, кыргыз-сауд мамилелерин кеңейтүүнүн абалы жана келечеги, ошондой эле эл аралык жана регионалдык уюмдардын алкагында мындан аркы өз ара аракеттенүү маселелери кеңири каралат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

617