7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сауд Аравиянын Тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келет

493

20-21-мартта Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин чакыруусу боюнча эки тараптуу мамилелердин тарыхында алгачкы жолу Сауд Араб Падышалыгынын тышкы иштер министри Улуу Даражалуу Ханзаада Файсал бин Фархан Аль Сауд Кыргыз Республикасына расмий сапары менен келет. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан менен Сауд Араб Падышалыгынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдык маарекесинде боло турган расмий сапардын алкагында, КРнын президенти Садыр Жапаров, Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана тышкы иштер министри Казакбаев менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарга басым жасоо менен бирге, кыргыз-сауд мамилелерин кеңейтүүнүн абалы жана келечеги, ошондой эле эл аралык жана регионалдык уюмдардын алкагында мындан аркы өз ара аракеттенүү маселелери кеңири каралат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

494