7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сексуалдык ыдыкка кабылды делген 11 жашар кыздын чоң атасы асынып алды

1388

Чүйдүн Арашан айылында сексуалдык ыдыкка кабылды делген 11 жашар кыздын чоң атасы асынып алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталы жазып чыкты.

Билдирүүгө ылайык, кыздын чоң атасы бул өкүнүчтүү кабарды уккандан кийин асынып алган. Үч күн мурун анын сөөгү жерге берилген. Маалыматты  Чүй облустук ички иштер башкармалыгы да тастыктаган.

«1958-жылы туулган О.Н. аттуу жаран сарайында асынган абалда туугандары тарабынан табылган. Ал болуп өткөн окуяларга тиешеси жок экендигин жана ал боюнча кечирим сурап, кат жазып таштаганы маалым болгон. Ал жаран буга чейин Арашан айылындагы сексуалдык аракеттерге кабалган өспүрүм кыздын чоң атасы болоору такталган. Учурда бул окуя боюнча зарыл болгон экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери улантылууда», — деп айтылат билдирдүүдө.

Эскерте кетсек, милицияга 19-январда өспүрүм кызга карата сексуалдык аракеттерди жасоо фактысы тууралуу маалымат түшкөн. Анда Арашан айылында 11 жашар кызга сексуалдык мамиле жасаган деп шектелип 35 жаштагы агасы кармалган. Териштирүү иштеринин алкагында, кыз 11 жаштагы Т.Д. экени, чоң энеси жана чоң атасы менен жашаары аныкталган.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1389