7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шаардык соттун судьясынан мыйзамсыз 74 батир, 19 соода жай жана жер тилкелери табылды

618

Бишкек шаардык сотунун судьясы тарабынан мыйзамсыз баюу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин (Мыйзамсыз баюу) боюнча кылмыштын негизинде Бишкек шаардык сотунун жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын судьясын «Ж.М.Б.» карата сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Такталгандай, аталган «Ж.М.Б.» аттуу судья мүлктүн көптөгөн объектилерине ээ болгон мыйзамдуу киреше булактары жок болуп, анын ичинде кымбат баалуу кыймылсыз мүлк жана бир катар коммерциялык объекттер, атап айтканда 74 кымбат батир, 19 соода жайы, 10 унаа токтотуучу жай, ошондой эле Бишкек шаарынын «алтын аянты» деп аталган аймагында жайгашкан кымбат баалуу жер тилкелери аныкталган.

Муну менен катар, аталган судья «Ж.М.Б.», кылмыш жолу менен алынган кыймылсыз мүлктүн изин жашыруу максатында, кезегинде эч кандай далилденген мыйзамдуу киреше булактарын жок кылуу үчүн жакын туугандары жана башка адамдарга керектүү сатуу-сатып алуу келишимдерин түзгөн.

Учурда «Ж.М.Б.» судьясына таандык башка декларацияланбаган кыймылсыз мүлк объекттерин аныктоо боюнча бир катар ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, тиешелүү текшерүүлөрдүн жана экспертизалардын натыйжалары боюнча, кылмыш ишинин керектүү материалдары кылмыш ишин козгоого макулдук алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясына берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жөнөтүлөт. Тергөө иштери жүрүп жатат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

619