7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шаирбек Ташиев мунай иштетүү жаатында заманбап заводдорду куруу зарылдыгын белгиледи

812

29-мартта Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин кезектеги жыйынында “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгү талкууланды.

Жыйында “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Нургазы Нишанов баяндама жасап, аткарылган иштер тууралуу учкай маалымат берди.

Талкуу маалында депутат Шаирбек Ташиев аталган ишкана 2021-жылы 2 млрд 200 млн сом киреше алганын белгилеп, «быйыл канча киреше табууну мерчемдеп жатасыңар?» — деген суроо узатты.

Өз кезегинде Нургазы Нишанов былтыркы жылдын алгачкы эки айында 224 млн сом таза киреше түшкөнүн, ал эми быйыл январь жана ферваль айынын жыйынтыгы менен 522 млн сом пайда алынганын маалымдады.

«Андай болсо, быйылкы кирешеңер 3 млрд сомдон ашат деген ишеничтемин. Буга Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду да жигердүү аракет көрүшү керек. Баарыбызга белгилүү болгондой,  “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коому тарабынан өндүрүлгөн 1 тонналык нефтинин 54-55 пайызынан мазут чыгат. Бирок ошол бойдон экспортко кетет. Башка өлкөлөр ошол мазутту кайрадан иштетип, 24 компанентти өндүрүшөт. Андыктан заманбап технологияларды пайдалануу менен 55 эмес, 10% мазут гана чыккыдай ишканаларды куруу зарыл», — деди депутат.

Муну менен катар бул жаатта мамлекет тарабынан тийиштүү колдоолор көрсөтүлүшү керектигин кошумчалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

813