7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шаирбек Ташиев: Техникалык кызматкерлердин айлыгын дагы көтөрүү керек

1300

Бүгүн, 17-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар тарабынан бир катар көйгөйлөр көтөрүлүп, сунуш-пикирлер айтылды.

Жыйында депутат Шаирбек Ташиев мектепке чейинки билим берүү мекемелери жетишсиз экенин айтты.

“Маселен Жалал-Абад шаарындагы №34 бала бакчанын имаратында Ички иштер министрлигинин бөлүмү жайгашса, №13 бала бакчанын имаратын шаардык финансы башкармалыгы менен облустук юстиция башкармалыгы ээлеп турат. Аталган имараттар бошотулуп берилсе, бала бакча көйгөйү аз да болсо чечилмек”, – деди.

Ошондой эле депутат бала бакчаларда эмгектенген техникалык кызматкерлердин айлык маянасы 3750 сом экенин белгиледи.

“Бирок жашоо минимуму 6 миң сомдон жогору. Ал эми 1-апрелден тарта мугалим, дарыгер өңдүү адистердин айлыгы көтөрүлгөнү менен техникалык кызматкерлердин маянасы жогорулатылбайт экен. Андыктан алардыкын да көтөрүү зарыл”, – деп кошумчалады.

Андан тышкары, бала бакчаларда берилүүчү тамак-аштын сапатын арттырууну да сунуштаган эл өкүлү, бөлүнгөн каражаттын көлөмүн көтөрүү зарылчылыгына токтолду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1301