7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шайлоодо принтери бар идентификациялоочу жабдуу ишке кирет

463

17-ноябрда өтүүчү шайлоодо принтери бар идентификациялоочу жабдуу алгачкы ирет колдонулат. Бул үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы 5 миңден ашуун атайын аппарат сатып алды.

Анда маалым болгондой, буга чейин шайлоочу добуш берүүдө 5 процесстен өтүп анан добуш берип келсе, азыр бир гана идентификациялоочу аппараттан өтөт. Ошол эле учурда аталган аппарат бюлетенди шайлоочу добуш берүү учурунда дароо чыгарылат.

Буга чейин бюлетендер Учкун басмаканасынан чыгарылып, милиция кызматкерлеринин кайтаруусунда болчу. Жаңы жабдуунун алынышы бул жумуштарды бир топ жеңилдетти.

Жаңы жабдуунун дагы бир артыкчылыгы — шайлоочу экинчи ирет добуш берүүгө келгенин аныктайт жана ага жол бербейт. Ага кошумча 5 миңден ашуун автоматтык урналар алынып, серверлердин баары жаңыланган. Мындай жумуштардын баары шайлоону таза өткөрүүгө түзүлгөн шарттар болууда.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

464