7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шакиев: «Мамлекет жаштарга керектүү шарттарды түзүп, мугалимдерди колдоого алышы керек»

556

Бүгүн, 16-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Жайыл районундагы иш сапарынын алкагында Новониколаевка инновациялык орто мектебинен кабар алды.

Алсак, аталган билим берүү мекемеси эки корпустан туруп, анын бири 1960-жылы курулса, экинчиси 1983-жылы пайдаланууга берилген. Жалпы 975 окуучуга ылайыкташтырылганы менен азыркы тапта 2500дөн ашуун окуучу билим алат. Андыктан, кошумча жаңы окуу корпусуна муктаж. Ага ылайык, 600 орундуу имарат куруу мерчемделүүдө.

Мугалимдер менен баарлашкан төрага Нурланбек Шакиев акыркы жылдары билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, айрыкча мектептердин курулушу жигердүү жүрүп жатканына токтолду.

Муну менен катар агартуучулардын маянасы көтөрүлгөнү менен бул дагы жетишсиз экенин белгилеп, жакынкы аралыкта айлык маселеси дагы караларын кошумчалады.

“Жаштар биздин келечек деп келебиз. Андыктан мамлекет алардын татыктуу таалим-тарбия алышы үчүн керектүү шарттарды түзүп, мугалимдерди колдоого алышы керек”,– деди төрага.  

Эскерте кетсек, Нурланбек Шакиев Чүй облусунун Жайыл жана Панфилов райондоруна иш сапары менен барды. Сапардын алкагында аймактагы социалдык мекемелердин абалы менен жеринде таанышып, айрым өндүрүштүк ишканалардын ишмердүүлүгүнөн кабар алат.

Ал эми иш сапарды орун басары Нурланбек Азыгалиев, депутат Карим Ханджеза, билим берүү министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева, финансы министринин орун басары Руслан Суйналиев, саламаттыкты сактоо министринин орун басары Тилек Мамадалиев, Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба агенттигинин директору Нуртазин Джетыбаев баштаган Министрлер кабинетинин тармактык өкүлдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери коштоп жүрөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

557