7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шашылыш билдирүү! Өлкө аймагында кар жаап, үшүк жүрүшү күтүлөт

2

Кыргызгидромет кызматы аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Анын маалыматына караганда, 4-5-ноябрда өлкө аймагында аба-ырайы кескин өзгөрүп, мезгил-мезгили менен жааган жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот.

4-5-ноябрда жана 6-ноябрда түнкүсүн абанын температурасы төмөндөп:

  • Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6° суукка чейин, күндүз 0…5° жылуулукка чейин;
  • Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7° суукка чейин, күндүз 0…5° жылуулукка чейин;
  • Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…5°, күндүз 1…6° жылуулукка чейин, тоо этектеринде түнкүсүн -2…-7° суукка чейин, күндүз -2° сууктан …+3° жылуулукка чейин;
  • Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -4° сууктан …+1° жылуулукка чейин, күндүз 1…6° жылуулукка чейин;
  • Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -4…-9° суукка чейин, күндүз -1° сууктан …+4° жылуулукка чейин, тоолуу райондордо түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5° суукка чейин, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -15…-20°, күндүз -5…-10° суукка чейин төмөндөшү күтүлөт.

Мындай туруксуз аба-ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

6-ноябрда түнкүсүн жана эртен менен Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө -1…-3° үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай үшүк жашылча жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошка, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.

3