7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады

314

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бүгүн, 6-декабрда, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады.

“Сиздин элдин жашоо деңгээлин жогорулатуу жана бакубаттуулугун камсыз кылуу, Кыргызстандын эл аралык аренадагы аброюн мындан ары жогорулатуу боюнча жигердүү аракеттериңиз өзгөчө көңүл бурууга татыктуу.

Акыркы жылдары биз күчтүү саясий эркибиздин аркасында тарыхый дос мамлекеттерибиздин ортосундагы көп кылымдык боордоштук байланыштарды ар тараптуу чыңдап, өз ара пайдалуу мамилелерибизди баарын камтыган стратегиялык өнөктөштүктүн деңгээлине көтөрдүк. Ушуга байланыштуу тыгыз боордоштук, өз ара сапарлар жана жогорку деңгээлдеги диалогду активдештирүү, ошондой эле жемиштүү сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жетишилген маанилүү макулдашуулар биздин элдердин жалпы кызыкчылыктарына кызмат кылаарын өзгөчө белгилеп кетким келет.

Биз белгилеген чоң пландар жана басып өтчү жолдор, башталган ири регионалдык инфраструктуралык долбоорлор биргелешкен аракеттер менен ийгиликтүү ишке ашырылат деп ишенем.

Жогорку урматтоо жана ишеним, өз ара колдоо принциптерине негизделген биздин көп пландуу жана узак мөөнөттүү мамилелер мындан ары да бекемделе берет деп ишенем.

Учурдан пайдаланып, Сизди дагы бир жолу чын дилимден ушул кубанычтуу күн менен куттуктайм. Сизге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана жоопкерчиликтүү мамлекеттик ишиңизде жаңы жеңиштерди, ал эми боордош Кыргызстан элине тынчтык, туруктуулук жана гүлдөп-өнүгүү каалайм”, — деп айтылат Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевдин куттуктоо телеграммасында.

315