7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Орозо айт майрамы менен куттуктады

147

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.

“Биздин боордош элдерибиз кылымдар бою боорукердик менен кечиримдүүлүктүн, ынтымак менен биримдиктин символу катары кастарланып, чоң кубаныч жана шыктануу менен белгиленип келе жаткан бул улуу жана кайталангыс майрамды чыдамсыздык менен күтүп келишет.

Өзгөчө белгилей кетсем, биздин биргелешкен системалуу ишибиздин жана бекем саясий эркибиздин аркасында акыркы жылдары биздин достук мамиледеги өлкөлөрдүн ортосундагы көп пландуу жана узак мөөнөттүү кызматташтык, стратегиялык өнөктөштүк мамилелери жаңы деңгээлге көтөрүлдү”, — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Шавкат Мирзиёев ошондой эле Садыр Жапаровго чың денсоолук, үй-бүлөлүк бакыт жана жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине тынчтык, мындан аркы прогресс жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

148