7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шыкмаматов: «Зергерчилик тармагы үчүн жеңилдиктерди караган мыйзам долбоору тарыхый болот»

18
Зергерчилик тармагына жеңилдиктерди киргизүүнү караган мыйзам долбоору ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоого багытталган максаттуу чара болуп саналат жана импорттоочуларды эмес, ички өндүрүштү өнүктүрүүгө багытталган. Бул тууралуу 23-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин биргелешкен жыйынында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов билдирди.
Анын айтымында, зергерчилик тармагы жогорку технологияларды жана чыгармачылык потенциалды айкалыштырган келечектүү багыт болуп саналат.
Туура мамлекеттик колдоо көрсөтүлүп, сунушталып жаткан жеңилдиктер туура пайдаланылган шартта, бул тармак 3–4 жылдын ичинде толук кандуу өнүгүү деңгээлине чыгып, жаңы жумуш орундарын түзүп, экономиканы легалдаштырууга олуттуу салым кошо алат.
«Импорттоочуларга салык жүгүн жогорулатуу көмүскө экономиканын өсүшүнө алып келиши мүмкүн.
Ошондуктан биз негизги басымды ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоого жана бекемдөөгө жасап жатабыз», — деп белгиледи Салык кызматынын төрагасы. Ошондой эле ал бул мыйзамдын кабыл алынышы улуттук өндүрүштү узак мөөнөттүү колдоого жана өлкөнүн экономикасынын туруктуу өнүгүшүнө багытталган тарыхый чечим болорун баса белгиледи.
19