7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Си Цзиньпин кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктап, тынчтык жана бакыт каалады

717

Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Си Цзиньпин жакында Кытай Эл Республикасы менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгын чогуу белгилегенин эске салды.

«Ал эми Пекин шаарында өткөн Кышкы Олимпиада оюндарынын жүрүшүндө биз достукка негизделген жемиштүү жолугушуу өткөрүп, анын жыйынтыгында эки тараптуу мамилелерди тереңдетүү, „Бир алкак, бир жол“ демилгесин биргелешип курууга көмөктөшүү жана COVID-19 коронавирус инфекциясы менен күрөштө кызматташтыкты бекемдөө боюнча кеңири макулдашууларга жетиштик» — деп белгиледи ал.

КЭР төргасы кытай-кыргыз мамилелерин өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурарын жана эки өлкөнүн ортосундагы салттуу достукту чыңдоо жана өлкөлөр жана эки элдин жыргалчылыгы үчүн ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн кызыкчылыгында кыргыз-кытай мамилелеринин деңгээлин жогорулатууда жалпы күч-аракеттерди жумшоого даяр экенин баса белгиледи.

Си Цзиньпин Садыр Жапаровго чың ден соолук жана ишинде бакубатчылык, ал эми дос Кыргызстан элине тынчтык жана бакыт каалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

718