7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сириядагы согуштук аймакка барууну көздөп, чек арадан мыйзамсыз өткөн делген эки чет элдик жаран кармалды

618

Сириядагы согуштук аймакка баруу максатында Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн деген шек менен чет элдик жарандар кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

13-мартта УКМК Кыргыз Республикасына мыйзамсыз кирүү жана легалдаштыруу каналдарын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын корголуучу мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн деген шек менен Жалал-Абад шаарынын аймагынан Борбор Азия мамлекеттеринин биринин эки жараны кармалды. Маалым болгондой, кармалгандар мурда терроризм боюнча соттолгон жергиликтүү тургун менен жашынып жүргөн.
Маалыматка ылайык, кармалгандар Кыргыз Республикасына келгенден кийин Сириядагы согуш жүрүп жаткан аймактарга эл аралык террористтик уюмдардын катарына кошулуу максатында өздөрүнө Кыргызстандын паспортторун жасоого аракет кылышкан. Азыркы учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. Кармалгандар Жалал-Абад шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

619