7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сириядан Кыргызстанга дагы 31 аял жана 65 бала алып келинди

497

Бүгүн, 8-декабрда Сириянын түндүк-чыгышындагы атайын лагерлерде жүргөн Кыргызстандын жарандарын репатриациялоо боюнча кезектеги «Айкөл-4» гуманитардык миссиясы ишке ашырылды.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, КР президенти жана министрлер кабинети тарабынан коюлган тапшырмаларга ылайык, Кыргызстандын жараны болгон 31 аял киши жана 65 жашы жете элек бала Жакынкы Чыгыштан Кыргызстанга атайын учак менен кайтарылды.

«Кыргыз тарап Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтүнө атайын операцияны өткөрүүгө ар тараптуу жардам жана бул гуманитардык процессти ийгиликтүү ишке ашыруунун алкагында логистикалык колдоо көрсөткөндүгү үчүн, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фондуна (ЮНИСЕФ) жана Эл аралык Кызыл Крест комитетине турмуштук оор кырдаалда калган жарандарды репатриациялоо боюнча төртүнчү ири кампанияны өткөрүүгө көмөк көрсөткөндүгү үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирет», — деп айтылат маалыматта.

498