7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сокулукта 15 жаштагы кызды зордуктап жүрүп, башкага үйлөнүп алган жаран кармалды

3184

Сокулукта 6 ай бою 15 жаштагы өспүрүмдү зордуктап жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул боюнча Новопавловка айылынын 37 жаштагы тургуну 13-декабрда маалымат берип, 6 айдан бери 14 жаштагы жашы жете элек кызын 26 жаштагы С.К. аттуу жаран зордуктап келгенин билдирген. Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине 157-берене (Он алты жашка жетелек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталаган.

Териштирүүдө жабырлануучу 2006-жылы туулган Б.А. мыйзамдуу өкүлү жана социалдык кызматкерлердин катышуусунда суралып, ал жогорудагы бала менен «Инстаграм» социалдык түйүнү аркылуу таанышып, алар 6 ай сүйлөшүп жүрүшкөнүн айтып, ошол учурда жыныстык катнашта болушканын айткан. Кийин ал бала башка кызга үйлөнүп алганда, болгон окуя тууралуу апасына билдиргени маалым болгон.

«Натыйжада 1995-жылы туулган С.К. кармалып, зарыл болгон экспертизалар дайындалды. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда. Ал жогорудагы кыз менен социалдык түйүндөрдүн биринен таанышып, сүйлөшүп калышканын айтып, алардын ортосунда өз эрки менен жыныстык катнаш болгонун билдирди», — деп берилет маалыматта.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3185