7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сокулукта аккумулятор уурдоого шектелип эки жигит кармалды

773

Чүйдө аккумулятор уурдоого шектелип эки жигит кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сокулук райондук милиция бөлүмүнө Новопавловка айылынын 32 жаштагы К.М. аттуу жашоочусу арыз менен кайрылып, 24-декабрдан 25-декабрга караган түнү анын үйүнүн жанында токтоп турган жүк ташуучу автоунаасынан эки аккумуляторун белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин билдирген. Келтирилген чыгым 30 миң сомду түзгөн.

Аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (“Уурдоо”) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 26 жаштагы А.Н. жана 25 жаштагы М.А. аттуу жарандар кармалышкан.

Териштирүү учурунда шектүүлөрдүн Новопавловка жана Ак-Ордо айылдарында катталган уурулук кылмыштарына тиешеси бар экендиги аныкталып, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

774