7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сокулукта бирөөлөрдүн жерин алдап сатып жүргөн аял кармалды

140

Сокулукта өзүнө таандык эмес жер тилкелерин сатып жүргөн аял кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылы Ж.А. аттуу жаран Военно-Антоновка (Кожомкул) айылындагы 400 чарчы метр, төрт жер тилкесин райондун тургунуна ар бирин 10 миң доллардан сатып жиберген. Жалпы 40 миң долларга саткан.  Кийинчерээк төрт жердин ээлери төрт башка адам экени аныкталган.

Андан сырткары, ишеним кат жазып берип, жер тилкелерин Кызыл китепке киргизебиз деген шылтоо менен жабырлануучулардан дагы 440 миң сом алган. Акчаны алгандан кийин ал байланышты үзүп салган.

Ошондой эле 1977-жылы туулган Э.К. жана 1981-жылы туулган У.К. аттуу жарандар арыз менен кайрылышкан. Бул фактылар боюнча да КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси «Алдамчылык» боюнча кылмыш иштери козголгон.

Териштирүү учурунда 48 жаштагы аял кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

141