7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сокулукта катуу ур-токмоктон улам 24 жаштагы келин каза болду

831

Сокулук районунда үй-бүлөдө чыккан чырдын айынан 24 жаштагы келин катуу ур-токмоктон каза болду. Бул тууралуу Чүй ОИИбнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 11-декабрында Сокулук РИИБнүн нөөмөт бөлүмүнө Сокулук районунун аймактык ооруканасынан 1998-жылы туулган С.К. аттуу жаран каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.

Текшерүү учурунда, Ново-Павловка айылынын тургуну 1998-жылы туулган С.К. аттуу жаран Сокулук районунун аймактык ооруканасынын травматология бөлүмүнө ар-кандай дене жаракаттары менен келип түшүп, көрсөтүлгөн жардамга карабастан, каза болгон.

Аталган факт Сокулук РИИБнин каттоого алынып, Кыргыз Республикасынын КЖКнин 130-беренесинде көрсөтүлгөн (ден соолукка оор залал келтирүү) кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Аткарылган ыкчам иш аракеттеринин натыйжасында, аталган кылмыш ишине шектүү катарында 1998-жылы туулган С.К. жарандык жолдошу 1992-жылы туулган В.А. аттуу жаран аныкталып, Кыргыз Республикасынын КЖПКнин 96-беренесинин талаптарына ылайык, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө амалдары улантылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

832